tobbТүркия палаталар жана биржалар биримдиги 1950 – жылдын 8 – мартында парламентте кабыл алынып, ошол эле жылдын 14 – мартында расмий түрдө күчүнө кирген 5590 номерлүү мыйзам долбоорунун негизинде уюштурулган. Түркия палаталар жана биржалар биримдиги жеке менчик сектордун Түркиядагы жогорку куруму жана мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. ТПББнын учурда жергиликтүү өнөр жай, соода, соода жана өнөр жай, деңиз соодасы палаталары жана биржаларынан турган 365 ири мүчөсү бар. Өлкөнүн бардык булуң бурчунда орун алган палаталар жана биржаларга катталган, түрдүү өлчөмдөгү жана бардык сектордон 1200000ден ашык фирма ТПББнын мүчөсү болуп эсептелет.

Максаты:
Палаталар жана биржалар арасында ынтымактуулук жана биримдүүлүктү камсыздоо, соода жана өнөр жайдын максатына ылайык өнүгүүсүн камсыздоо, мүчөлөрдүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу, мүчөлөрдүн бири-бири жана эл менен болгон ымаласында тактыкты жана ишенимдүүлүктү камсыздоонун натыйжасында чеберчилигин колдоо.

Милдеттери:
-Түрк ишкерлерине жол көрсөтөт жана лидерлик кылат,
-Жеке менчик ишканалардын кызыкчылыгын көздөгөн көз караштарды өкмөткө жеткирет жана чечүүнүн жолдорун көрсөтөт,
-Мыйзамдар жана толуктоолор тууралуу тийешелүү министрликтерге, парламенттик комитеттерге сунуш кылат,
-Мүчөлөрүнүн негизин түзгөн чакан жана орто өлчөмдөгү фирмалардын экономикадан өзүнө тийешелүү акысын алуусу үчүн палаталар жана бирикмелер аркылуу билимин жогорулатуу жана консультанттык кызматын көрсөтүшөт,
-Соода-сатык, экономикалык жана эл аралык байланыш тармактарында пайдалуу маалыматтарды мүчөлөрүнө таратат, өлкө, аймактык жана сектордук тармактарда экономикалык рапорттор даярдайт.
-Чет өлкөлүк тең ата курумдар менен байланыш түзөт, кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коёт, түрк жана чет өлкөлүк фирмалардын ортосундагы достук карым катнаштын жандануусуна шарт түзөт,
-Оор жүк ташуучу унааларга уруксат таратат жана чет өлкөлөргө каттоо уруксатын берет, оор жүк ташуучу унаалардын өлкө боюнча баркод системасын таратат,
-Өндүрүш уруксат баркодун бастырат жана палаталарга таратат, мүмкүнчүлүк рапортторун изилдейт жана кабыл алат. Топтолгон электроникалык өндүрүш базасын тийешелүү фирмаларга таратат, Түркиянын экономикалык статистика газетасын чыгарат,
-Палаталар жана биржалар арасында пайда болгон карама –каршылыктарды чечет, палаталар жана биржаларды өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгат, электроникалык база түзөт, Түркия палаталар, биримдиктер жана биржалар биримдигин өнүктүрүү иштерин жүргүзөт,
-Жергиликтүү жарманкелерде фирмаларга катышуу укугу берет, өндүрүш аймактары жана технология борборлору курат,
-Билим берүү мекемелерин курат же мүчө болот, алар менен бирге иш алып барат,
-Эл аралык мамилелер тууралуу милдеттеринин негизинде ар түрдүү палата жана эл аралык уюмдар арасында жеке менчик өндүрүшчүлөрдүн атынан иш алып барат.


Түркия палаталар жана биржалар биримдиги боюнча кенен маалымат үчүн караңыз: http://www.tobb.org.tr

Back to Top