Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы мамилелер иреттүү өнүгүүдө. Эки өлкө ортосундагы экономикалык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү максатында 2016-жылдын 21-22-январында Анкара шаарында “Кыргызстан Бизнес Форуму” өткөрүлөт.
Эки өлкөнүн экономика министрлеринин катышуусу менен Кыргызстан Соода жана Өнөр жай Палатасы (КСП) жана Түркия Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOBB) деңгээлинде өтүшү пландалып жаткан “Кыргызстан Бизнес Форуму” Анкарадагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан демилгеленип, 1200000ден ашуун мүчөсү бар Түркия Палаталар жана Биржалар Биримдигинин кеңсесинде болот.
Анкара Форумунун максаты – Кыргызстанда жана Түркияда түзүлгөн жаңы өкмөттөр жана Парламенттердин алдыдагы иш-чараларынын перспективаларын да эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн жогорулашы жана Евразия Экономикалык Биримдиги базарына кирүү үчүн Кыргызстандын ыңгайлуу аймак экендигин көрсөтүү, ишкерлер арасында тыгыз кызматташтык үчүн иштиктүү платформа жаратуу болуп саналат.
“Кыргызстан Бизнес Форуму” алкагында Анкарадагы ОСТИМ Өндүрүш аймагы (OSTİM) жана Түркиянын Чакан жана Орто Ишканаларды Өнүктүрүү жана Колдоо Башкармалыгы (KOSGEB) боюнча атайын докладдар жасалып, аты аталган жайлар форумдун экинчи күнү зыярат кылынат. Кыргызстандагы кичи жана орто ишканалардын өнүгүүсүнө, Өндүрүш Аймактарынын курулушу жана мамлекеттик колдоонун камсыз кылынышы үчүн ОСТИМ менен КОСГЕБ мыкты үлгү болуп бермекчи.
Бизнес-форумдун уюштуруучулары, бул Форумдун кыргыз жана түрк ишкерлер чөйрөсү үчүн тыгыз диалог майданы болоруна, ошондой эле өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пайдалуу маалымат алуу, эркин пикир алмашуу, жекече жана өнөктөштүк байланыштарды түзүү, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелеринин өнүгүшүнө жагымдуу таасирлер берет деген ишеничте.
Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу кыргыз жана түрк ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүсү толук ыктымал. Евразия Экономикалык Биримдигинин мүмкүнчүлүктөрү Түркиядагы бардык ишканалардын башын бириктирген Палаталар жана Биржалар Биримдигинин кеңсесинде өткөрүлө турган форумда ишке ашып калуусу толук ыктымал.
“Кыргызстан Достук жана Маданият Коому” форумга катыша турган ишкерлерибизге жакындан жардам көрсөтмөкчү.

Back to Top