“Бизнес Форум Кыргызстан” кыргызстандык ишкерлердин биримдигин чыңдоо, карым-катнаштарын жана иштерин өркүндөтүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөгөн, жылына бир жолу өткөрүлүүчү дүйнөлүк форум. Форум катышуучулары Азия, Европа жана Америка өлкөлөрүндөгү ишкерлер, диаспора лидерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана илимий адамдардан турат.

Дүйнөнүн булуң-бурчунда ишкердик менен алектенген кыргызстандыктардын башын бириктирген бул форумдун демгилгечиси Стамбул шаарындагы “Кыргызстан Достук жана Маданият Коому”. Коом дүйнөнүн ар тарабындагы кыргызстандыктардын коомдук уюмдары менен биргеликте уюштуруу иштерин алып барат.

Форум биринчи жолу “Келгиле таанышалы, биригели” деген ураан менен 2012-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлгөн. Анда Кыргызстан, Казахстан, Орусия, Украина, Америка, Кытай жана Түркия жергесиндеги кыргыз жарандары катышкан. Иш-чаранын алкагында орчундуу маселелер жана айтылган ой-пикирлер жеке ишкерлердин кызуу талкуусун жаратып, форумдун жылдан-жылга улануусуна чечим кылынган.

 

 

Back to Top