joldosheva

Айгүл Жолдошева

Форумга бизнес форум болгуну үчүн келдим. Форумдун жыйынтыгы мен үчүн абдан жакшы, көптөгөн пикирлер айтылды, көп киши менен тааныштым, өзүмө керектүү маалыматтарды алдым. Бул нерселер келечекте дагы көптөгөн ийгиликтеге жол ачат деп ойлойм. Жана ошондой эле форумда таанышкан ишкерлер менен кызматташууга жана жардамдашууга даярмын.

Бул форумду өзгөчөлүгү өзүнүн түрү жана тематикасы боюнча “биринчи” болуп жатканы. Мындай нерсе мурда эле керек эле. Бизнестин өнүгүшү үчүн сөзсүз түрдө тааныш-билиш керек. Экономиканы өнүгүшү үчүн бизнес өнүгүшү керек. Бул жердеги чогулган ишкерлердин көбүнчөсүнүн 20 жылдан ашык чет өлкөлөрдө жашашыптыр.Ар түрдүү тармактарда өздөрүнүн жетишкендиктери бар экен. Мындай ишкерлерди бир арага топтоо менен ушул Кыргызстан достук жана маданият коому тарыхта кала турган бир иш-аракетке кол койду.

Related articles

Back to Top