koshoev

Максат Кошоев

Форумду өткөрүү идеясы биздин коомдун башкаруу кеңешинин төрагасы Айбек Сарыгулов мырзанын Америкада болуп өткөн Бүткүл дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын чогулушунда пайда болгон. Стамбул шаары географиялык тараптан ыңгайлуу болгондуктан, форумду бул жакта өткөрүүнү оң көрдүк.

Форумдун максаты уюмубуздун максаты менен айкалышып турат. Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарга бири-бири менен ар тараптуу карым-катнаш жана соода жүргүзүүсүнө өбөлгө түзүп берүү. Мындайча айтканда, чет жерде өзүнүн бутуна туруп, фирмасын ачып, иш-аракеттерин кылып жаткан кыргызстандыктарды чогултуп, аларды өз ара тааныштыруу. Андан соң чет жерлерде өзүнүн бизнесин өркүндөтүп жүргөн ишкерлерибиз өз ара кызматташуу аркылуу, иштерин дагы да өркүндөтөөр деген ойдобуз. Балким, Түркия менен кызматташып калса бизге да, аларга да пайдасы тиерине ишенебиз.

Бул чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын ишкер чөйрөлө¬рүнүн форуму. Биз четте жүргөн кыргызстандыктардын бири-бирине жардамдашып, бакубат иштешине салым кошо алсак, Кыргызстан үчүн эң чоң пайдабыз ошол болсо керек. Четте жашап, өздөрү тандап алган кесип боюнча ийгиликке жетишкен ишкер мекендештерибиз келечекте Кыргызстанга инвес¬тиция саларына ишенем.

Related articles

Back to Top