jukeshov

Тыныбек Жукешов

Бул форумга катышкан ишкер катары, форум жогорку деңгээлде өттү демекчимин жана форумдун уюштуруучулары болгон Кыргызстан достук жана маданият коомуна жана коомдун башкаруу комитетинин төрагасы Сарыгулов Айбек мырзага бүтүндөй Кытайдагы кыргыз ишкерлердин атынан ыраазычылык билдирем. Форумдун эң чоң жетишкендиги деп, бүгүнкү күндөгү технологиянын өнүгүүсү менен бирге глобалдашкан дүйнөдө, кыргыз ишкерлердин башын бириктирип, бири бири менен таанышып жана тажрыйбалары менен бөлүшө ала турган бир платформаны түзүп берүүсүн эсептейм. Анкени ушул убака чейин ар ишкер өз алдынча, “өзү билгендей” дегендей, иш алып келе жатканбыз да. Бул форум жана ушуга окшогон иш-аракеттер, келечекте Кыргызстандагы ишкердиктин жана ошо менен бирге эле экономиканын өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизет деген ойдомун.

Related articles

Back to Top